Кыргызстан ДССУнун Европа аймактык комитетинин 75-сессиясында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу тажрыйбасын сунуштады
29 октябрь

Кыргызстан ДССУнун Европа аймактык комитетинин 75-сессиясында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу тажрыйбасын сунуштады

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев 2025-жылдын 28–30-октябрында Даниянын Копенгаген шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 75-сессиясына катышууда.

Өз сөзүндө министр өлкөдө жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматтарды ббаштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде интеграциялоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Ал бул багыт Саламаттык сактоо министрлигинин негизги артыкчылыктарынын бири болуп каларын жана ДССУ менен кызматташуунун маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи.

Гипертония жана диабетти эрте аныктоого жана көзөмөлгө алууга, жөнөкөйлөтүлгөн клиникалык протоколдорду киргизүүгө, медайымдардын ролун кеңейтүүгө, медициналык жардамдын сапатын мониторингдөө үчүн санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

ДССУнун 2026–2030-жылдарга карата жаңы Европа программасында каралган адилеттүүлүк, инновациялар жана тармактар аралык өз ара аракеттенүү принциптери Кыргызстандагы ЖЭО боюнча улуттук стратегияда да чагылдырылды.

Министр дени сак жашоо образын жайылтууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана бейтаптар уюмдарынын катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, ден соолукка терс таасир эткен коммерциялык детерминанттарга каршы биргелешип күрөшүүнүн зарылдыгын баса көрсөттү.