Уролог: Бөйрөк оорусунун келип чыгуу себептери жана алгачкы белгилери
17 март

Уролог: Бөйрөк оорусунун келип чыгуу себептери жана алгачкы белгилери

Жыл сайын март айынын экинчи бейшембисинде Бүткүл дүйнөлүк бөйрөк күнү белгиленет. Буга байланыштуу Урология борборунун дарыгери Нурсултан Абдубаитов “Биринчи радиого” берген маегинде бөйрөк ооруларынын пайда болуу себептери, белгилери жана дарылоо жолдорун айтып берди.

Дарыгердин айтымында, бөйрөк – организмдеги маанилүү органдардын бири. Ал уулуу заттардын бөлүнүп чыгышына, суу балансынын жөнгө салууга жооп берет. Ошондой эле организмдеги электролиттерди бирдей кармап турат. Андан сырткары эндокриндик функциясы бар бир канча гормондорду иштеп чыгат.

Ал эми Кыргызстанда бөйрөк оорулары эмнеден улам көбөйүп жатканын Абдубаитов мындайча түшүндүрдү:

“Бул көбүнчө туура эмес тамактануудан. Акыркы жылдары химиялык кошулмалар кошулган азыктарды колдонуп, тез татым деп аталчу тамактарды көп жеп калдык. Булар бөйрөктүн функциясынын начарлоосуна алып келет. Ошондой эле көп кыймылдабай калдык. Мисалы, бөйрөктөгү таш деп коет эмеспизби, алар майда кум болот, эгерде биз көп кыймылдасак, заара менен чыгып кетиши мүмкүн. Кыймыл жокто кумдар бөйрөктүн ичине топтолуп отуруп, чоң ташка айланат. Андан сырткары жеңил кийинүү. Айрыкча азыркы – кыштан жазга өтүп жаткан маалда күндүз суук, түштө ысык, кечинде суук болуп жатып, айрым адамдар жука кийинип алышып, бөйрөгүн сезгентишет. Бул көбүнчө аялдарга тиешелүү нерсе”, – деди дарыгер.

Дарыгер бөйрөк оорусунун белгилерин күтпөй, жылына бир жолу бардык ички органдарды медициналык текшерүүдөн өткөрүп турууну сунуштады. Айтымында, айрым учурда бөйрөк оорулары белгиси жок башталат.

“Мисалы, таш бөйрөктүн ичинде турганда адамды кыйнабайт, эч кандай белги бербейт. Качан гана ал чоңоюп же заара каналында туруп калганда же бөйрөктүн этин “жей” баштаганда, оору пайда болот. Ага чейин деле бөйрөк тушу сайгылашкандай болот, бирок көп адамдар ага маани бербейт, өзү өтүп кетет деп чыдап коюшат”, – деди ал.

Дарыгер белгилегендей, дүйнөдө бөйрөк боюнча кандай операциялар жасалса, анын баары учурда Кыргызстанда да, Урология борборунда жасалат. 1 см чейин таштар өзү чыгып кетет, ал үчүн көп кыймылдап, суюктук көп ичүү зарыл. Ал эми чоң, түшпөй калган таштарды талкалоо жолу менен түшүрүүгө болот. Мында дененин эч бир жери кесилбейт. Ал эми муштумдай таштарды бөйрөк тушуна кичинекей тешик кылуу менен талкалоо мүмкүн.

“Бөйрөктүн ар кандай ооруларынан, анын ичинде таштын пайда болуусунан сактануу үчүн биз адамдарга суюктук көп ичүүнү жана көп кыймылдоону сунуштайбыз. Дарбыздын мезгилинде аны көп жеген дагы пайдалуу. Анткени ал табигый заара айдоочу каражат. Канчалык заара көп чыкса, кум бөйрөккө топтолбой, сыртка чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору”, – деди дарыгер.