Мамлекеттик реестрде фармацевтикалык продукциянын 11 миңден ашык аталышы катталган
24 август

Мамлекеттик реестрде фармацевтикалык продукциянын 11 миңден ашык аталышы катталган

2026-жылдын 30-июнуна карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик реестринде фармацевтикалык продукциянын 11 074 аталышы катталган.

Анын ичинен 6 287си дары-дармек каражаттары түзөт. Алардын ичинен 570и (9,1%) ата мекендик өндүрүшкө таандык. Ошондой эле 4 787 медициналык буюм катталган, алардын 90у (2%) Кыргызстанда өндүрүлгөн.

Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Мамлекеттик реестрде 6 525 дары-дармек каражатынын жана 4 123 медициналык буюмдун аталышы катталган.