Өзгөндө опузалап 20 миң сом акча талап кылган жаран кармалды
Ош ОИИБ
24 август

Өзгөндө опузалап 20 миң сом акча талап кылган жаран кармалды

Өзгөндө мурда кылмыш жасап, пробация органынын көзөмөлүндө турган жаран опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 20-августунда Өзгөн РИИБге 2008-жылы туулган И.З. аттуу жаран Н.Х. аттуу жарандын автоунаада аял киши менен отурган учурун видеого тартып алып, видеону өчүрүү үчүн андан акча талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө И.З. видеотасманы өчүрүү үчүн Н.Х. аттуу жарандан 20 миң сом талап кылганы аныкталган.

Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2026-жылдын 22-августунда И.З. талап кылган акчанын 15 миң сомун алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Белгилей кетсек, шектүү буга чейин кылмыш жасап, сот жообуна тартылган жана учурда пробация органынын көзөмөлүндө турган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.