Экономика министрлиги 100 дарак отургузду
13 октябрь

Экономика министрлиги 100 дарак отургузду

Бишкекте күн мурун Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына карата 100 дарак отургузуу акциясы өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

Иш-чарага дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык донорлор, каржылык институттар жана министрликтин кызматкерлери катышты.

Акцияга экономика министри Данияр Амангельдиев жетекчилик кылып, бул кадамды туруктуу өнүгүү жана өсүүнүн символу катары белгиледи.

"Кыргызстан жашыл экономика стратегиясына өткөнүнө сыймыктанабыз. Бүгүнкү дарак отургузуу — бул биздин келечекке жасаган салымыбыз. Жашыл экономиканын өнүгүшү туруктуу өсүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп, улуттук саясаттын артыкчылыктуу багытына айланды. Бул иш-чара биздин экологиялык жоопкерчилигибизди жана узак мөөнөттүү бакубатчылыкка умтулуубузду туюнтат", - деди ал. 

Министрлик мындан ары да экономикалык өсүш менен айлана-чөйрөнү коргоону айкалыштырган туруктуу өнүгүү боюнча демилгелерди ишке ашырууну улантат.

Акция "Ынтымак" паркында жана Абдрахманов көчөсүнүн Ахунбаева менен Суюмбаева көчөлөрүнүн ортосундагы жол тилкесинде өттү.