Аскердеги «дедовщинанын» тамырын кантип кыркуу үчүн Коргоо министрлиги Билим берүү министрлиги менен чогуу иштөөдө
20 май

Аскердеги «дедовщинанын» тамырын кантип кыркуу үчүн Коргоо министрлиги Билим берүү министрлиги менен чогуу иштөөдө

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинин жыйынында коргоо министринин милдетин аткаруучу Руслан Мукамбетов аскердеги маселелерге кайрылып, жоокерлер үчүн кандай шарттар түзүлгөнүн билдирди. 

Айтымында, «учурда «дедовщина» маселесин курч деп айтууга болбойт», бирок бул жаатта Коргоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте бир катар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда. 

«Биз аскерге чакырлуучу эр-азаматтардын тарбиясы аскерден эмес, бала бакчадан, үйдөн башталышы керек деп эсептейбиз. Ошондо гана «дедовщинаны» токтото алабыз», – деди министрдин милдетин аткаруучу. 

Ал белгилегендей, мектептерде аскерге чейинки даярдыктар өткөрүлөт. Ал бардык балдар үчүн бирдей болот. Мына, ошол даярдыктарды пенсияга чыккан профессионал аскер кызматкерлери өтүшү керек. 

«Биз көп иштерди жасап жатабыз, анын баары «дедовщинанын» тамырын кыркууга багытталган жана анын баары ишке ашат деп үмүттөнөбүз. 

Аскерде жоокердин адаптацияланышы боюнча программа бар. Аны орто мектептерге 9-класстан тартып киргизгенбиз. Окуучулар каттоо документтерин алышат, ошол маалдан тартып жаш муунду байкап баштайбыз. Аскер бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү келип, баарлашуу өткөрүшөт. Эгерде мурда жаш жоокердин курсу бир айга созулса, азыр 2 ай өткөрүлөт, бул жаңы чакырылган жоокер жаңы шарттарга көнүүгө мүмкүнчүлүк берет», – деди ал. 

Айтымында, бардык аскер бөлүктөрүнө психологдор бар. Тестирлөө программасынан бардык аскерлер өтөт. Жаңы чакырылгандар тереңдетилген медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт.