Быйыл Чүй облусу боюнча жогорку чыңалуудагы тармактарда 10,3 миң даана изолятор алмаштырылат
20 май

Быйыл Чүй облусу боюнча жогорку чыңалуудагы тармактарда 10,3 миң даана изолятор алмаштырылат

Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого карата жасалып жаткан реформанын алкагында, электр энергиясынын кубаттуулугун көтөрүү жана эскирген жабдууларды жаңылоо иштери тынымсыз аткарылууда.

Мындан улам , 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан Чүй облусу боюнча жогорку чыңалуу тармактарында 10359 даана изоляторлорду алмаштырып, 287 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон, 2300 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүү пландалган.

Бүгүнкү күндө ишкананын кызматкерлери пландаштырылган иштердин ичинен 30 пайызын аткарып бүтүштү.

Быйылкы жылга коюлган иштер 2025-жылдын ноябрь айында толугу менен аткарылып бүтөт. Учурда энергетиктер ар бир ишти өз убагында аткаруу үчүн графикке ылайык ыкчам иш алып барууда.

Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртат.

Чүй электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматынын электр куроочулары Панфилов районунан баштап, Балыкчы шаарына чейинки аралыктагы 2590 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын тейлейт.