“Шарика”, “Мушарака”, “Мурабаха” – араб сөздөрү Кыргызстандын мыйзамдарына да термин катары кире баштады
Жогорку Кеңеш Улуттук банк тарабынан демилгеленген Мурабаха келишими боюнча мыйзам долбоорун кароодо. Мурабаха – бул ислам принциптерине таянган бөлүп төлөө жолу. Башкача айтканда салтуу кредиттерден айырмаланып, бул шарият жолуна ылайык келет.
Депутат Дастан Жумабековду терминдердин аталышы кызыктырды.
“Мында шарика, мушарака деген термин кирип жатат. Бизде Конституцияда эки тил белгиленген: мамлекеттик тил – кыргыз тили, расмий тил – орус тили. А сиздер такыр башка тилдеги сөздү алып келип, термин катары колдонуп жатасыздар”, – деди депутат.
Ошондой эле ал шарика-мушараканын кыргызча маанисин айтып берүүнү суранды.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Медет Таировдун айтымында, бул экөө бир маанини билдирет – банк менен кардардын өнөктөштүгү.
“Өнөктөштүк болсо, ошондой кылып жазгыла. Же мамлекеттик же расмий тилде көрсөткүлө. Шарика, мушарака деп чет элдик тилдин термин катары кирип жатканы – Баш мыйзамга каршы келет”, – деди Жумабеков.
Медетов мыйзам долбоорун кийинки окууга чет элдик сөздөрдү кыргызча түшүндүрмөсү менен коштоп жазып алып келишерин билдирди.
