Ала-Арчада кыз аты менен кошо сууга түшүп кеткен
Ала-Арча капчыгайында ат менен сейилдөө учурунда кыз аты менен кошо тоо суусуна кулап кеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, ат үркүп, чуркап кеткен. Натыйжада кыз сууга түшүп кетип, аны агым алып кеткен.
Кыздын туугандары аны суунун агымы боюнча болжол менен 500–600 метр төмөн жактан таап, суудан чыгарышкан. Ал учурда кыз эс-учун жоготкон абалда болгон.
Айдоочулардын бири кызды Бишкектеги №4 шаардык ооруканага тез жеткирүүгө макул болгон.
Жолдо Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери унааны коштоп, медициналык жайга тез жана тоскоолдуксуз жетүүсүнө жардам беришкен.
Ооруканага келгенден кийин кыз дарыгерлерге өткөрүлүп берилген. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Дарыгерлердин маалыматына ылайык, анын абалы оор деп бааланууда.
