Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды 
КР УКМК
9 июль

Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды 

КР УКМК тарабынан диний-экстремисттик ишмердүүлүккө каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын аймагында ыкчам-издөө иш-чаралары өткөрүлүп, анын жүрүшүндө «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды.

Аныкталгандай, аталган адамдар экстремисттик идеологияны жайылтууга багытталган мыйзамсыз ишмердүүлүк менен алектенип, ошондой эле экстремисттик мазмундагы материалдарды даярдоо жана таратуу иштерин жүргүзүп келишкен.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар»), 331-беренесинин 2-бөлүгүндө («Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо») жана 332-беренесинин 2-бөлүгүндө («Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу») каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун 12 активдүү мүчөсүнүн жашаган жерлеринде тергөө жана тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Тинтүү иштеринин жыйынтыгында «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө тиешелүү диний адабияттар, электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар (DVD-дисктер), уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбук, учкучсуз учуучу аппарат (БПЛА), акча каражаттары, ошондой эле «ИЖ-37», «Байкал МР-651 КС» жана «Синза» үлгүсүндөгү пневматикалык тапанчалар табылып, алынды.

Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын, ошондой эле мыйзамсыз ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.