Ош шаарында жапайы кара куурайлар жок кылынды
Ош мэриясы
9 июль

Ош шаарында жапайы кара куурайлар жок кылынды

Ош шаарында интернет жана социалдык тармактар аркылуу синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз жайылтуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери менен катар жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу боюнча иш-чаралар өттү.

Бул багытта Жапалак, Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыктарында жана Манас-Ата аймагында жергиликтүү тургундардын, айыл башчылардын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жапайы кара куурай чөптөрү орулуп, чогултулуп, өрттөлүп жок кылынды.

Ош шаарынын мэриясы шаар тургундарын интернет жана социалдык тармактардагы шектүү баракчаларга, оңой акча табууну сунуштаган жарыяларга ишенбөөгө чакырат. Синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, сатуу жана колдонуу мыйзам алдында жоопкерчиликке алып келерин эскертет.