Бишкекке келген конокторго транспорттук карталарды сатуу пландалууда
Бишкек мэриясы
9 июль

Бишкекке келген конокторго транспорттук карталарды сатуу пландалууда

Бишкекке башка шаардан келген конокторго транспорттук карталарды сатуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу каралууда. 

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев Батыш автобекетинде жана «Бишкекавтобекети» муниципалдык ишканасынын аймагында атайын транспорттук карталарды сатуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырды. 

Мэриядан кабарлашкандай, демилгеге ылайык, борбор калаага келген жарандар жеке автоунааларын автобекеттин аймагына калтырып,  шаар ичинде жүрүүгө арналган транспорттук картаны сатып ала алышат. Ошол эле учурда мындай картаны колдонуу ыктыярдуу болуп, жарандар үчүн пайдалуу болушу керек.

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров жол акыны накталай эмес төлөө системасы оң жыйынтыктарды берип жатканын маалымдады. Бүгүнкү күндө жүргүнчүлөр үчүн жол акысын төлөөнүн 11 ыкмасы жеткиликтүү болууда.

Накталай эмес төлөмдөргө өтүү, каржы каражаттарынын келип түшүүсүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууда.

2026-жылдын 7-июлунда катталган транзакциялардын саны 735 миңди түзгөн. Ушул системаны киргизүүнүн натыйжасында шаардык бюджетке күн сайын болжол менен 1 миллион сом кошумча түшүүдө.