www
9 июль
Мамлекеттик маанидеги Ноокат – Папан унаа жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлдү
Мамлекеттик маанидеги Ноокат – Папан унаа жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Иштер 2026-жылга карата бекитилген титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлүп, курулушту №37 Жол эксплуатациялоо ишканасы аткарды.
Жолдун жаңыланышы айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүгө шарт түзөт.
Министрлик тарабынан өлкө боюнча жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери бекитилген планга ылайык улантылууда.
