Кызыл-Кыяда курулуш материалдарын өндүрүүгө адистешкен жаңы ишкана ишке киргизилүүдө
Кызыл-Кыя шаарында курулуш материалдарын өндүрүүгө адистешкен жаңы ишкана ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында шаардык мэрия тарабынан жеке ишкерге 0,4 гектар муниципалдык жер аянты, даяр өндүрүштүк имарат менен ижарага берилген. Анын базасында «Асыл Холдинг» жоопкерчилиги чектелген коому түзүлүп, курулуш материалдарын чыгаруу боюнча өндүрүш уюштурулду.
Долбоорго жеке инвестор тарабынан 13,1 миллион сом инвестиция тартылган. Учурда өндүрүш үчүн керектүү жабдуулардын бардыгы орнотулуп, сыноо иретинде алгачкы продукциялар чыгарылды.
Ишкана толук кубаттуулукта иштей баштагандан кийин күнүнө 60–70 тонна курулуш материалдарын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Натыйжада 15 жаңы жумуш орду түзүлөт.
Жаңы өндүрүш ишканасын 2026-жылдын 31-августунда – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев ишканада болуп, өндүрүштү ишке киргизүүгө даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Ал долбоордун аймактын өнөр жай потенциалын арттыруудагы, жаңы жумуш орундарын түзүүдөгү жана ата мекендик курулуш материалдарын өндүрүүнү көбөйтүүдө маанилүү экенин белгиледи.
