ИИББнын расмий билдирүүсү : Бишкек шаарынын аймагындагы мектептерде куралдуу кол салуу болду деген маалымат чындыкка дал келбейт
17 октябрь

ИИББнын расмий билдирүүсү : Бишкек шаарынын аймагындагы мектептерде куралдуу кол салуу болду деген маалымат чындыкка дал келбейт

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде борбор калаанын мектептерине куралдуу кол салуулар болуп жатканы тууралуу видеолор жана билдирүүлөр тарап жатат. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы бул маалымат чындыкка дал келбей, фейк экенин расмий билдирет.

Жарандардан сабырдуу болууну жана дүрбөлөңгө түшпөөнү суранабыз. Бишкек шаарында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

Милиция жана атайын кызматтардын кызматкерлери тарабынан кырдаалга мониторинг жүргүзүлүүдө. Ушундай мүнөздөгү бардык билдирүүлөр ыкчам тартипте текшерилет, бирок кеңири таралган чындыка дал келбеген маалыматтар тастыктаган эмес.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого, ошондой эле расмий булактардан гана маалымат алууга чакырат.