Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жарандарды кармашты
2025-жылдын 12-февралында Биринчи Май РИИБге Т.К., аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда, А.Е., аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн, себеби ушул эле жылдын февраль айында чет өлкөндөн автоунаа алып келип берем деген шылтоо менен 8 500 000 сомун алып, ошол бойдон качып кеткен.
Аталган факт боюнча Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-(Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1982-жылы туулган А.Е., аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда анын башка кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы аныкталууда.
Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, эгерде жабыркагандар же шектүү жөнүндө маалыматыңыздар болсо +996 (500) 09-60-95 же 102 номуруна кабарлап коюңуздар.
