Ош ОИИБ: “Нелегал Кордон” операциясы учурунда чек арадан мыйзамсыз өткөн шектүү жаран кармалды
17 октябрь

Ош ОИИБ: “Нелегал Кордон” операциясы учурунда чек арадан мыйзамсыз өткөн шектүү жаран кармалды

Ош ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлерине мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн шектүү жаран тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты 2025-жылдын 2-октябрында Ош ОИИБге каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Анын жүрүшүндө чет өлкөнүн жараны 2025-жылдын январь айында Кара-Суу районунун аймагынан кайтарууда турган мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп, ошол бойдон Кыргыз Республикаксынын аймагында жүргөнү маалым болгон.

Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, “Нелегал Кордон” операциясынын жүрүшүндө 2025-жылдын 16-октябрь күнү кылмышка шектүү катары коңшу өлкөнүн 1968-жылы туулган И.Д. аттуу жараны кармалып, камакка алынды.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.