Кыргызстанда 50 жаштан жогору жарандардын арасында алдын алууга боло турган сокурлук боюнча улуттук изилдөө
Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай Улуттук Коому Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жана Швейцариянын Кызыл Крест Коомунун колдоосу менен «Алдын алууга боло турган сокурлукту тез баалоо (БОПС-2025)» аттуу кеңири изилдөөнү жүргүзүүдө. Бул дүйнөнүн 170тен ашуун өлкөсүндө колдонулган эл аралык Rapid Assessment of Avoidable Blindness (RAAB) стандартынын бир бөлүгү болуп саналат.
Изилдөөнүн максаттары:
• 50 жаштан жогору курактагы адамдар арасында сокурлуктун жана көрүү бузулууларын жайылышын аныктоо;
• Көрүүнү жоготууга алып келген негизги себептерди (катаракта, глаукома, көздүн арткы бөлүгүнүн оорулары, рефракциялык бузулууларын) аныктоо;
• Офтальмологиялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана натыйжалуулугун баалоо – катарактанын хирургиялык дарылоосу, көрүүнү коррекциялоо жана диспансердик байкоо иштерин талдоо;
• Көз дарыгерлерине кайрылууга тоскоол болгон факторлорду (географиялык, финансылык, маалыматтык) изилдөө жана медициналык тейлөөдөн четте калган калк топторун аныктоо;
• Кыргызстанда көрүү бузулууларын алдын алуу, аныктоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
