Каракол шаарынын вице-мэри Нуржан Алапаевна Азаматова Тумар аттуу наристенин апасын кабыл алды
29 октябрь

Каракол шаарынын вице-мэри Нуржан Алапаевна Азаматова Тумар аттуу наристенин апасын кабыл алды

Каракол шаарынын вице-мэри Нуржан Алапаевна Азаматова Тумар аттуу наристенин апасын кабыл алды. Жолугушуунун алкагында Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы “Жаштар-Борбору” тарабынан координацияланып келген Тумардын сакайып кетишине арналган иш-чаралардын жыйынтыгы талкууланды.

Нуржан Алапаевна 300гө жакын жаш ыктыярчынын акча каражатын чогултуу иштерине жигердүү катышкандыгын белгилеп, жакынкы күндөрү алардын ар бирине ыраазычылык билдирүү жана атайын сыйлыктарды тапшыруу пландалып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү Тумар апасы менен биргеликте Түркия Республикасына дарыланууга жол тартат. Анын дарылануусуна жалпы 50 миң доллар керектелсе, анын ичинен 44 миң 700 доллар Каракол шаарынын жаштарынын, ыктыярчыларынын жана кайрымдуу жарандардын көмөгү менен чогултулду. Калган сумма Тумардын ата-энесинин жана жакын туугандарынын колдоосу менен толуктоого чечим кабыл алынды.

Тумардын ден соолугу үчүн эки жарым айдан ашык убакыттан бери тынымсыз эмгектенип, чын дили менен кызмат кылган ар бир ыктыярчыга, Каракол шаарынын жаштарына, ошондой эле бул ишке кайдыгер карабаган бардык жарандарга терең ыраазычылык билдирилет.