Исхак Раззаковдун 115 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленип, бир катар объектилердин ачылышы болуп өттү
Раззаков шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун 115 жылдык майрамдык иш-чарасы жогорку деңгээлде белгиленди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шаменов Айбек Асанович, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Иргебаев Эрмек Нуркалыйевич, Раззаков шаарынын мэри Жоробаев Адилбек Суюнбаевич, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Иш-чарага карата шаардын борборундагы айланманын жана ардак тактанын ошондой эле бир катар курулуштар аткарылып, ачылып пайдаланууга берилди, алар:
- "Наристе" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү;
- Додосьян көчөсүндөгү демөөрчүлөр тарабынан курулган айланма стелланын курулушу;
- Муниципалдык унаа базарынын курулушу жана базарга баруучу жолго асфальт төшөө иштери;
