Балыкчыны Лас-Вегас кылам деген — президент Балыкчынын жаңы мэри боюнча үн катты
5 июль

Балыкчыны Лас-Вегас кылам деген — президент Балыкчынын жаңы мэри боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик "Кабар" агенттигине маек берип, анда социалдык тармакта катуу талкуу жараткан Балыкчы шаарынын жаңы дайындалган мэри Султан Керималиев боюнча үн катты. 

Президент журналисттин Балыкчынын мэри кантип келип калды деген суроосуна жооп берип жатып, Балыкчынын көл жээгин жасаган дал ушул Султан Керималиев экендигин айтты. 

"Чолпон-Атада дагы жакшы иштерди жасап жүрөт. Иш билги жигит экенин көрүп, Чолпон-Атага мэр болуп иштеп бер деп чакырсак мен Балыкчыга мэр болсом жакшы болот эле, Лас-Вегас кылат элем дегенинен макул деп Балыкчынын мэрин Чолпон-Атага жылдырып бул жигитти Балыкчыга мэр кылдык. Мен президент болуп келген 5 жылдын ичинде көп түрлүү адамдарды көрдүм. Бир түрү сөзгө чоркок бирок иштин майын чыгарат. Экинчи түрү тили укмуш сайрайт, бирок колунан эч нерсе келбегендерди да көрдүм. 2020-жылы жаштарды бийликке алып келиш керек деп эл талап койгондо жаштарды да министр кылып көрдүм. Беш ай иштей албай кызматтан кеткендер болду. Бизде жакшы кадрлар жетишпейт. Себеби 30 жыл кадр өстүргөн эмеспиз да. Мурда тааныш билиштик кылып эле кызматка ала беришчү. Албетте бул биздин трагедиябыз болгон", - деди ал.

Президент келечекке кадрларды даярдоо мектептен башталгандыгын айтып, Чолпон-Атада эки жылдан бери “Акылман” мектеби иштеп жатат деди.

"Жакында түштүккө дагы бир “Акылман” мектебин ачабыз. Чолпон-Атага келбестен түштүк жактагы балдарыбыз ошол жакта эле окушса болот. Ал мектепти бүтүргөндөр 100 пайыз мамлекеттик кызматтар менен камсыз болушат. Бирөө да көчөдө калбайт. Муну мыйзам менен бекитип койдук. Бул эми келечектин иши.

Албетте мэр болгондон кийин мамлекеттик кызматтын этикасын сакташ керек болчу. Этиканы сактабаганын мен да көрдүм. Бирок эми этикасын оңдосок болот. Адам да. Айбан эмес. Эң негизгиси өзү башка мэрлердей болуп ууру болбош керек. Таза иштеп бериш керек. Балыкчыны өзү айткандай Лас-Вегас кылышы керек. Мамлекетке, элге анын тили эмес, жасаган иши пайда болот. Убакыт берели этикасы оңолбосо анан көрөбүз", - деген президент. 

Белгилей кетсек, 2-июлда президент кол койгон  тескеменин негизинде Султан Кермалиев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды. Ал көпчүлүккө Балыкчыда орнотулган жана популярдуу туристтик жайларга айланган Зевс менен Посейдон айкелдердин автору катары таанымал. 

Ал күн мурун ЖМКлардын бирине маек куруп, өзүнүн жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрү менен калктын сынына кабылган. 

Султан Кермалиев 25-июнь 1989-жылы Бишкекте туулган. Ал 37-мектеп-гимназиясын, андан соң Кыргыз-Орус Славян университетин аяктап, жарандык курулуш тармагында инженер дипломун алган. Ал карьерасын ширетүүчү болуп баштаган.