Министр Жээнбек Кулубаев ТүркПАнын Башкы катчысы Рамиль Гасан менен жолугушту
28-октябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТүркПАнын жаңы Башкы катчысы Рамиль Гасан менен жолугушуу өткөрдү.
Тараптар түрк кызматташтыгынын алкагындагы парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү, ТүркПАнын ролун күчөтүү жана алдыдагы иш-чаралар тууралуу пикир алмашышты.
Министр Кулубаев мырза түрк дүйнөсүндөгү биримдикти чыңдоонун маанисин белгилеп, ТүркПАны парламенттик дипломатиянын маанилүү аянтчасы катары белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү жана ишенимдүү өнөктөштүктү улантууга даярдыгын билдиришти.
