Чоң-Алайда 16 жана 8 жаштагы ага-ини көпүрөдөн сууга түшүп кетип каза болду
Чоң-Алайда 16 жана 8 жаштагы ага-ини көпүрөдөн сууга түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык 4-июлда болжол менен саат 20:20да катталган.
"2009-жылы туулган Б.А. жана анын иниси, 2017-жылы туулган Ө.А. Шибе айылындагы Жантайма жайлоосунда жайгашкан көпүрөдөн өтүп бара жаткан учурда сууга түшүп кетишкен", - деп айтылат маалыматта.
Кырсык тууралуу билдирүү алынышы менен Чоң-Алай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан РИИБ кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте ыкчам издөө-куткаруу иштери жүргүзүлгөн. Издөө иштерине жалпысынан:
- Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн – 14 куткаруучу,
- Чоң-Алай райондук ИИБден – 20 кызматкер,
- Жергиликтүү тургундардан – 55 адам тартылган.
Бирок кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 5-июлда таңкы саат 04:00дө издөө-куткаруу иштери улантылып, таңкы саат 07:00 чамасында эки баланын тең сөөгү табылып, суудан чыгарылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
