Бишкекте №153 экспресс-маршрутунда түнкү каттамдар ишке кирди
17 октябрь

Бишкекте №153 экспресс-маршрутунда түнкү каттамдар ишке кирди

Бишкекте 17-октябрдан тартып №153 «Асанбай – “Манас” эл аралык аэропорту» экспресс-маршруту боюнча түнкү каттамдар жүрө баштады.

Мэриядан кабарлашкандай, бул чечим “Жол кеңеши – 2025” алкагында кабыл алынган.

Эми жүргүнчүлөр аэропортко жана кайра шаарга түн ичинде да ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Түнкү каттамдардын убактысы: 00:00; 03:00 жана 05:00.

Эскерте кетсек, маршрут экспресс болуп саналат, токтоочу жайлар так аныкталган. Белгиленбеген жерде токтоо — жол эрежесин бузуу болуп эсептелет.