Ош ОИИБи: Ош облусунда «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасы учурунда 6 курал алынды
Ош облусунун аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукту болтурбоо максатында, 2025-жылдын 30-майынан 6-июнуна чейин «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Атайын иш чаранын жүрүшүндө 1250 мергенчиликти сүйүүчүлөр, 60 газ-жарат келтирүүчү куралы бар жарандар жана 2 сыйлыка берилген куралдын ээси текшерилиди.
Ок атуучу куралды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 32 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 133-134-беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, аларга карата 477000 сом айып пул салынды.
Ош облусунун аймагында мыйзамсыз ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды аныктоо максатында 624 кирип жаткан авто унаа, 3466 үй ээлери, 15 соода сатык базарлар, 2 мейманкана, 9 көңүл ачуучу жайлар текшерилди.
Текшерүүнүн натыйжасында баары болуп 6 даана ок атуучу курал мыйзамсыз сакталгандыгы үчүн ИИБге алынды.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинини 267-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 268-беренесинде (Куралды мыйзамсыз сактоо) белгиленген буюмдарды (ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды) өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырган жарандар ушул беренелерде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
