Ошто жарандардан опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды
"Ош" эл аралык аэропортунун аймагында жарандардан опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Шектүүлөр 16-октябрда Ош ОИИБдин Кылмыш иликтөө кызматы жана УКМК кызматкерлери тарабынан колго түшкөн.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын июлунда Ош ОИИБге Аэропорт-Достук багытындагы маршруттук каттамынын айдоочуларынын жумушуна өздүгү аныкталбаган жарандар тарабынан тоскоолдуктар жаратылып, учак менен учуп келген чет элдик жарандарды коркутуп, алардын эркине каршы жол кире акысына белгиленген суммадан ашыкча алышып, мыйзамсыз аракеттерге барып жаткандыгы тууралуу маалымат катталган.
Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесиндеги (Опузалап талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 2025-жылдын 16-октябрь күнү кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган А.Д. (КР ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп каттоодо турган Д.К. жакын адамы, мурда соттолгон) жана 1991-жылы туулган А.Р. аттуу жарандар (мурда соттолгон) кармалды.
Азыркы учурда окуяга тиешеси бар атуулдар күбө катары суралып, кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
