Томск облусу менен аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды
8 май

Томск облусу менен аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды

Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков Томск облусунун губернатору Владимир Мазурдун Сибирь федералдык округунда аккредитацияланган консулдук мекемелердин жетекчилери менен жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Томск облусу менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-билим берүү тармактарындагы аймактар аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле Ысык-Көл жана Томск облустарынын ортосундагы боордош мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Губернатор В.Мазур Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Жетигеновдун атына Томск шаарына 2025-жылы келип кетүүгө чакыруу жөнөтүлгөнүн маалымдады, ошондой эле Кыргызстандын бизнес коомчулугун эки тараптуу регион аралык кызматташтыкты активдештирүү жана ишканалар ортосундагы байланыштарды түзүү максатында чакырды.

Ошондой эле Башкы консул Айбек Айдарбеков Томск облусундагы Экспортту өнүктүрүү кеңешинин жыйынына катышып, Томск компанияларын Кыргызстанда уюштурулуп жаткан көргөзмөлөргө катышууга, ошондой эле өз өндүрүшүн биздин өлкөнүн аймагында ачууга чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө региондогу алдынкы ишканалар, анын ичинде: “Технология маркет”, НИИПП, “РТ-технологиялар”, НПО “Ретон”, “Компания Эскимос”, “Две белки”, “СибирьЭко”, “ЛесКом”, “Тракт автоматика”, “Микран”, “Органик Соя Продукт”, “Торфопродукт”, “Сибирская клетчатка”, “Энбисис” ж.б. өз продукцияларын сунушташты.

Иш сапардын алкагында Башкы консулдуктун кызматкерлери экологиялык таза азыктарды жана дени сак тамак-ашты өндүрүүдө адистешкен бир катар жергиликтүү ишканаларга барды. Анда “Компания Эскимос” ЖЧК, “Органик Соя Продукт” ЖЧК жана “Сибереко”. “Органик Соя Продукт” ЖЧКсынын өкүлдөрү Кыргызстанда соядан тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча завод ачууга даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Башкы консулдук тажрыйба алмашуу жана биргелешкен кызматташуу үчүн Кыргызстандан өнөктөштөрдү издөөгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.