Аскердик параддын жүрүшүндө 2,5 миңдей милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздады
Бүгүн, 8-май күнү борбордук Ала-Тоо аянтында Улуу Жеңиш күнүнүн 80 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленүүдө.
Иш-чара, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына болгон эскерүү митингдери жана аскердик парад менен коштолду.
Жарандардын коопсуздугун борбордук милициянын 2500ге жакын кызматкерлери камсыздоодо. Ошондой эле видеобайкоо камералары, жол кыймылын жөнгө салуучу кызматкерлер жана ыкчам топтор иш алып барууда.
Милиция кызматкерлери жарандарды коомдук тартипти сактоого, иш-чара учурундагы көрсөтмөлөргө баш ийүүгө жана коомдук жайларда этият болууга чакырат.
