Мавлян Аскарбеков эки жылга эркинен ажыратылды
видеодон алынган кадр
29 сентябрь

Мавлян Аскарбеков эки жылга эркинен ажыратылды

29-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту активист Мавлян Аскарбековду эки жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды.

Аскарбеков Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу соттон Аскарбековду төрт жылга эркинен ажыратууну суранган.

Кылмыш иши Аскарбековдун Кыргызстанда иштеп жаткан Кытай жарандары тууралуу Facebook социалдык тармагына жарыялаган билдирүүсүнө байланыштуу козголгон. Анын жактоочусу Эрик Ирискулбековдун айтымында, ишти козгоого аталган билдирүүгө жүргүзүлгөн лингвистикалык экспертизанын корутундусу негиз болгон.

Аскарбеков 2026-жылдын июнь айында кармалган. Андан кийин Ленин райондук соту ага карата бөгөт коюу чарасы катары УКМКнын СИЗОсунда камакта кармоону тандаган. Август айында кылмыш ишинин материалдары сотко өткөрүлүп берилген.