Махмуд Кашгари Барсканиге арналган туруктуу экспозиция ачылат
29 сентябрь

Махмуд Кашгари Барсканиге арналган туруктуу экспозиция ачылат

2026-жылдын 30-сентябрында Ысык-Көл облусундагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда улуу ойчул, тилчи жана окумуштуу Махмуд Кашгари Барсканинин өмүрүнө жана илимий мурасына арналган жаңы туруктуу экспозициянын ачылыш аземи өтөт.

Экспозициянын негизги бөлүгү XI кылымда жазылган «Дивану лугат ат-түрк» эмгегине арналат. Бул эмгекте түрк элдеринин тили, тарыхы, географиясы, этнографиясы, салт-санаасы жана оозеки чыгармачылыгы тууралуу баалуу маалыматтар камтылган.

Экспозицияда Махмуд Кашгаринин илимий мурасы жазма булактар, дүйнө картасы, археологиялык табылгалар жана заманбап мультимедиалык материалдар аркылуу көрсөтүлөт. Ошондой эле Өзгөн музейинин фонддорунан алынган Карахандар дооруна таандык түп нуска буюмдар коюлат.

Экспозициянын Ысык-Көлдө ачылышы Махмуд Кашгари Барсканинин өмүрү жана мурасы менен байланышкан Барскан аймагынын тарыхый-маданий маанисин кеңири таанытууга, ошондой эле «Дивану лугат ат-түрк» эмгегинин түрк дүйнөсүнүн тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөөдөгү маанисин көрсөтүүгө багытталган.