Жалал-Абадда жаштар арасында баңгизаттын алдын алуу иштери күчөтүлүүдө
Жалал-Абад облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, анын алдын алуу жана жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү маселелерине арналган кеңешме өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаев, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, билим берүү мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү кызматтардын адистери катышты.
Кеңешмеде баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жүргүзүлүп жаткан иштер, синтетикалык баңгизаттардын жайылышы жана аларды интернет аркылуу сатууга бөгөт коюу маселелери талкууланды.
Ошондой эле жаштарды интернет аркылуу мыйзамсыз баңги жүгүртүүгө тартуу учурларына өзгөчө көңүл бурулуп, социалдык тармактардагы жарнамалардын алдын алуу, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жаңы ыкмалар менен жүргүзүү, спорттук жана маданий иш-чараларга тартуу, ата-энелер жана мугалимдер менен иш алып барууну күчөтүү боюнча сунуштар айтылды.
Бул багытта Жалал-Абад облусунда алдын алуу багытында жыл башынан бери билим берүү мекемелеринде, дарыканаларда, түнкү көңүл ачуу жайларында жана башка коомдук жайларда 147 профилактикалык иш-чара өткөрүлгөн.
Кеңешменин катышуучулары баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштө укук коргоо органдары, билим берүү мекемелери, ата-энелер, жергиликтүү бийлик жана коомчулук биргелешип иш алып баруусу маанилүү экенин белгилешти.
