Бишкекте байыркы дүйнөнүн кол жазмалары тууралуу лекция өтөт
Маданият министрлиги
29 сентябрь

Бишкекте байыркы дүйнөнүн кол жазмалары тууралуу лекция өтөт

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде китеп искусствосунун тарыхына арналган лекциялар түрмөгүнүн алгачкы жолугушуусу өтөт.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, анын алкагында 3-октябрда саат 14:00дө «Стилиңди бат-баттан өзгөрт: Байыркы дүйнөнүн кол жазмалары» аттуу лекция уюштурулат.

Лекцияда байыркы доордо колдонулган жазуу материалдары жана шаймандары — папирус, пергамент, мом тактачалар, камыш калемдер жана башка жазуу каражаттары тууралуу маалымат берилет. Ошондой эле алардын жазуу белгилеринин жана тамгалардын формасына тийгизген таасири тууралуу сөз болот.

Катышуучулар басма китеп пайда болгонго чейинки жазуу жараяны, байыркы кол жазмалардын өзгөчөлүктөрү жана бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган жазма эстеликтерди изилдөөнүн татаалдыктары менен таанышат.

Мындан тышкары, рентген, МРТ жана жасалма интеллект сыяктуу заманбап технологиялардын тарыхый артефакттарды изилдөөдө колдонулушу жана алардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилет.

Кирүү акысы: 300 сом. Билеттерди музейдин кассасынан сатып алууга болот.