Нурдан Орунтаев "Ош" эл аралык аэропортундагы курулуштун жүрүшү менен таанышты
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында "Ош" эл аралык аэропортундагы жаңы аэробекет комплекстин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Жаңы аэробекет комплексинин курулушуна 2025-жылдын 14-февралында президенттин катышуусунда капсула салынган.
Долбоордун жалпы аянты 25 443 чарчы метрди түзүп, имарат 6 корпустуу эки кабаттан жана жер төлөдөн турат. Комплекс жылына 5 миллиондон ашык жүргүнчүнү, саатына 900 жүргүнчүнү тейлөөгө ылайыкталган.
Долбоордо заманбап каттоо зоналары, кеңири күтүү залы, фуд-корт, эс алуу жайлары жана 650 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай каралган.
Министр объектти жеринен көрүп, тиешелүү жетекчилерге иштерди белгиленген мөөнөттө сапаттуу жана ыкчам жүргүзүү, долбоордук чечимдерди жана заманбап курулуш стандарттарын сактоо боюнча тапшырмаларды берди.
Жаңы аэробекет комплекстин долбоору Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан. Башкы подрядчы — “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы.
Белгилей кетсек, "Ош" эл аралык аэропорту 1974-жылы курулган.
