Ош, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн жаңы жатаканалар курулат
Ош, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн жаңы жатаканалар курулат.
28-сентябрда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында студенттик жатаканалардын курулушуна байланыштуу жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйында объектилердин долбоордук чечимдери, курулуш иштерин уюштуруу, сапат талаптары жана белгиленген мөөнөттөр талкууланды.
Долбоорго ылайык, Манас шаарында 9 кабаттуу, 740 орундуу студенттик жатакана курулат. Ош шаарында 9 кабаттуу, 720 орундуу жатакана салынат. Ал эми Баткен шаарында эки блоктон турган 4 кабаттуу жатакана куруу пландалууда.
Нурдан Орунтаев курулуш иштерин тез арада баштоо менен бирге долбоордук чечимдерди так сактоо, объектилердин коопсуздугун жана сейсмотуруктуулугун камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.
Бардык объектилерди сапаттуу куруп, курулуш иштерин 2027-жылдын 31-августуна чейин аяктоо боюнча жооптуу тараптарга тиешелүү тапшырмалар берилди.
