Ысык-Көлдө кеңейтилген гидрохимиялык мониторингдин кезектеги цикли аяктады
-
2026-жылдын 21–27-сентябрь күндөрү Кыргызгидрометтин адистери Ысык-Көлдүн суусунун сапатына кеңейтилген гидрохимиялык мониторингдин кезектеги циклин жүргүзүштү.
-
Иштер көлдүн абалына пландуу байкоо жүргүзүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2026-жылдын 26-майындагы №460 буйругу менен бекитилген «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын 2030-жылга чейинки мезгилге туруктуу өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына, ошондой эле Кыргызгидрометтин бекитилген иш планына ылайык жүргүзүлдү.
-
Изилдөөлөр көлдүн бардык акваториясын камтыды. Суу объектисинин абалы жөнүндө комплекстүү маалымат алуу максатында адистер Ысык-Көлдүн ар кайсы аймактарында белгиленген байкоо пункттарында жана вертикалдарда суу үлгүлөрүн алышты.
Алынган маалыматтар Кыргызгидрометтин адистери тарабынан системалаштырылып, талдоого алынат. Изилдөөнүн жыйынтыктары көлдүн абалын баалоодо жана суунун сапатынын сезондук өзгөрүүлөрүнө байкоо жүргүзүүдө колдонулат.
-
Системалуу мониторинг — Ысык-Көл экосистемасынын абалын объективдүү баалоонун негизги куралы.
