Бишкек–Балыкчы жүргүнчү поезди 3–4-октябрь күндөрү кошумча каттамга чыгат
Сүрөт ачык булактардан алынды
29 сентябрь

Бишкек–Балыкчы жүргүнчү поезди 3–4-октябрь күндөрү кошумча каттамга чыгат

Бишкек–Балыкчы жүргүнчү поезди 3–4-октябрь күндөрү кошумча каттамга чыгат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы  билдирет. 

Мындай чечим коомчулуктун жана жүргүнчүлөрдүн суроо талабын эске алуу менен кабыл алынган.

Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун камсыз кылуу жана аталган багыттагы транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында поезд белгиленген графикке ылайык каттайт.

Белгилей кетсек, поезддин жүрүү убактысы жана жол кире акысы өзгөргөн жок. Каттам мурдагы белгиленген графикке ылайык жүргүзүлөт