Кылмыштуулуктун эң жогорку өсүшү Нарын жана Баткен облустарында катталды
Кыргызстандын аймактарында 2026-жылдын январь-август айларында катталган кылмыштардын саны эң көп Нарын жана Баткен облустарында өскөн.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Нарын облусунда кылмыштардын саны 56,2%га көбөйүп, 468ден 731 учурга жеткен.
Баткен облусунда өсүш 56%ды түзүп, кылмыштардын саны 782ден 1 миң 220 учурга чейин көбөйгөн.
Жалал-Абад облусунда катталган кылмыштардын саны 19,8%га, Ош шаарында 14,4%га өскөн.
Бишкекте бул көрсөткүч 1,9%га көбөйүп, 10 миң 777 кылмышты түзгөн.
Кылмыштуулуктун азайышы Ош облусунда гана катталып, көрсөткүч 4%га төмөндөп, 1 миң 598 учурду түзгөн.
