МСК: Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат
Сүрөт ачык булактардан алынды
29 сентябрь

МСК: Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

28-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков такси жана курьердик кызмат көрсөтүү тармагындагы салыктык төлөмдөр тууралуу маалымат берди.

ЖКнын депутаты Улукбек Карыбек уулу такси жана курьердик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн салыктык түшүүлөрү жана алардын мамлекеттик бюджет менен түз байланышы тууралуу суроо берди.

Кубанычбек Ысабеков такси жана курьердик кызмат көрсөтүүчүлөрдөн салык түшпөй жатат деген пикир туура эмес экенин белгиледи.

Ал белгилегендей, бул тармакты легалдаштыруу жана салык төлөөнү жөнөкөйлөтүү үчүн Салык кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы механизм 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып иштей баштаган.

Ага ылайык, такси жана курьердик кызмат көрсөтүп, маалыматтык системалар аркылуу киреше тапкан жеке жактар 1% киреше салыгын жана 1% камсыздандыруу төгүмүн төлөшөт.

Бүгүнкү күндө бул тармакта 110 миң адам расмий иштеп жатат.

«Бул адамдардын ар бири салык жана камсыздандыруу төгүмүн төлөйт. Камсыздандыруу төгүмү алардын келечектеги пенсиясына эсептелет. Демек, бул тармакта салыктык жана социалдык төлөмдөрдү чогултуу боюнча механизм иштеп жатат», — деди Кубанычбек Ысабеков.

Жаңы система киргизилгенге чейин такси кызматын патенттин негизинде көрсөткөндөрдөн жылына болжол менен 40 млн сом салык түшүп турган. Ошол эле учурда тармакта көмүскө иштегендер көп болгон.

Жаңы механизм такси жана курьерлерди расмий ишке тартууга шарт түздү. Учурда Салык кызматы 11 компания менен иш алып барууда. Алардын арасында «Яндекс Такси», «Жорго Такси», «WB Такси», «Байбол Такси», «Аргымак Такси», «Додо Пицца», «Яндекс Go» жана башка кызматтар бар.

2026-жылдын 7 айында такси жана курьердик кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан 231 млн сом салык жана 231 млн сом камсыздандыруу төгүмү төлөнгөн.

Жалпысынан мамлекеттик бюджетке жана социалдык камсыздандыруу системасына 462 млн сом түшкөн.