Кыргызстанда такси жана курьердик кызмат көрсөтүү тармагында 110 миң адам расмий иштейт
Иллюстрациялык сүрөт
29 сентябрь

Кыргызстанда такси жана курьердик кызмат көрсөтүү тармагында 110 миң адам расмий иштейт

Кыргызстанда такси жана курьердик кызмат көрсөтүү тармагында 110 миң адам расмий иштейт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Мындан тышкары, Wildberries жана Ozon маркетплейстеринде 30 миң ишкер – сатуучу, башкача айтканда, селлер катталган.

Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, платформалык иш менен камсыз болуу эмгек рыногунун барган сайын байкала турган бөлүгүнө айланууда. Ага жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу, курьердик жеткирүү, электрондук соода, фриланс жана санариптик платформалар аркылуу бир жолку тапшырмаларды аткаруу кирет.

Ошол эле учурда мындай иш менен камсыз болууда социалдык коргоо жана укуктук жөнгө салуу маселелери актуалдуу бойдон калууда. Тактап айтканда, депутат Улукбек Карыбек уулу изилдөөлөргө таянып билдиргендей, платформалар аркылуу иштегендердин 69%га жакыны Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөйт. Бул келечекте алардын пенсиялык камсыз болушуна таасирин тийгизиши мүмкүн.