Кыргызстанда бир жылда айлык акы дээрлик үчтөн бирге өстү
Кыргызстанда ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин 2026-жылдын январь–июль айларындагы орточо айлык номиналдык эсептелген эмгек акысы 54 миң 864 сомду түздү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 28,5%га өскөн.
Керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу эмгек акы 16,1%га жогорулаган.
Улуттук банктын расмий курсу боюнча эсептегенде, бир кызматкердин орточо айлык акысы 627,4 долларды түздү.
Маалыматтар чакан ишканаларды эске албастан берилди.
