сүрөт: depositphotos.com
29 сентябрь
Кыргызстанда сегиз айда 6 миңден ашык жеке турак жай курулган
Кыргызстанда январь-август айларында 6 миң 9 жеке турак жай пайдаланууга берилди. Алардын жалпы аянты 822,9 миң чарчы метрди түздү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жеке турак жайларды пайдаланууга берүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,7%га азайып, 99,3%ды түздү.
Жеке үйлөрдү курууга 26 млрд 212,7 млн сом инвестиция жумшалды. Бул өткөн жылдын январь–август айларына салыштырмалуу 0,7%га көп.
Ошол эле учурда жеке турак жай курулушунун өздөштүрүлгөн инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү үлүшү 12,7%дан 9,3%га чейин төмөндөдү.
Айыл жерлеринде 418,5 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди. Бул жалпы көлөмдүн 50,9%ын түзөт.
