Статком: саламаттык сактоо тармагында айлык акы дээрлик 47%, билим берүүдө 43% өстү
29 сентябрь

Статком: саламаттык сактоо тармагында айлык акы дээрлик 47%, билим берүүдө 43% өстү

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда экономикалык ишмердиктин бардык түрлөрүндө орточо айлык номиналдык эсептелген эмгек акы өстү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өсүштүн эң жогорку көрсөткүчтөрүнүн бири саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө тармагында катталып, 46,6% түздү.

Билим берүү тармагында айлык акы 43,3%га өстү.

Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикте өсүш 35,2%, айыл, токой чарбасы жана балык уулоодо 32,9% болду.

Суу менен камсыздоо, калдыктарды тазалоо жана иштетүү тармагында айлык акы 29,6%, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында 25% өстү.

Курулуш тармагында өсүш 23,5%, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоодо 22,7%, маалымат жана байланыш тармагында 16,3% түздү.