Кыргызстанда майыптыгы бар 573 жаран турак жай алуу үчүн кезекте турат
Кыргызстанда майыптыгы бар 573 жаран турак жай алуу үчүн кезекте турат. Бул тууралуу майыптыгы бар жарандарды турак жай менен камсыз кылуу маселеси талкууланган учурда белгилүү болду.
Маселени Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Эгенбердиева көтөрүп, учурда канча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран турак жайга муктаж экенин жана алардын канчасы турак жай менен камсыз болгонун сурады.
Ошондой эле депутат бул категориядагы жарандар үчүн кезекте башкаларга караганда артыкчылыктуу жылууга мүмкүндүк берген өзүнчө жеңилдиктер каралган-каралбаганына кызыкты.
Талкууда белгиленгендей, майыптыгы бар жарандар үчүн турак жай кезегинде артыкчылыктуу жылуунун атайын механизми каралган эмес.
Ошол эле учурда жарандар үчүн жылдык 4% үстөк менен 25 жылга чейинки мөөнөткө жеңилдетилген турак жай насыялары берилет.
Эгенбердиева жалпы кезек көп болгон учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын турак жайды күтүүсү бир нече жылга созулушу мүмкүн экенин белгилеп, бул категориядагы жарандарды колдоонун кошумча чараларын кароону сунуштады.
