Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик министри менен жолугушуу өткөрдү
29 сентябрь

Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик министри менен жолугушуу өткөрдү

2026-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик министри Лорд Вернон Кокер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, эки тараптуу байланыштардын динамикасына канааттануусун билдирип, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарлардын практикасын мындан ары активдештирүүгө өз ара кызыкдар экендигин белгилешти.

Мындан тышкары, соода-экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле Кыргыз Республикасында энергетика жана логистика тармактарындагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга британиялык тажрыйбаны жана инвестицияларды тартуу маселелери каралды. Критикалык минералдар жаатындагы кызматташтыктын келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Ж.Кулубаев санкцияларды мүмкүн болгон айланып өтүүгө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан практикалык иштер тууралуу британ тарапка кеңири маалымат берип, актуалдуу маалыматтарды Улуу Британиянын жетекчилигине жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды талкуулап, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин алкагында биргелешип иш алып барууга кызыкдар экендигин ырасташты.