Кыргызстанда бир донор үч бейтапка чейин жардам бере алат
Бир донордон алынган кан үч бейтапка чейин жардам бере алат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» «Радиоклиника» программасынын эфиринде Республикалык кан борборунун директору Айганыш Сатыбалдиева билдирди.
Анын айтымында, заманбап кан кызматы донордон алынган канды өзүнчө компоненттерге бөлөт.
«Бир донордон тромбоцит, плазма жана эритроциттерди, айрым учурларда криопреципитатты даярдай алабыз. Ошондуктан бир адам үч адамдын өмүрүн сактап калышы мүмкүн», – деди Сатыбалдиева.
Ал канды жасалма жол менен өндүрүү мүмкүн эместигин, андыктан анын бирден-бир булагы адам экенин белгиледи.
25-сентябрда Республикалык кан борборунда Улуттук донор күнүнө арналган акция өттү. Анда 110 адам донор болуп кан тапшырды. Жалпысынан ошол күнү борборго 150гө жакын адам кайрылган.
Борбордун директорунун айтымында, акцияга студенттер өзгөчө активдүү катышкан. Мындай иш-чаралардын максаты – акысыз донорлукту өнүктүрүү жана жаштарды донорлукка тартуу.
