Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация иштери уланууда
30 сентябрь

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация иштери уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде станциянын жабдууларын жаңыртууга жана анын белгиленген кубаттуулугун жогорулатууга багытталган масштабдуу модернизация иштери уланууда. Учурда №2 гидроагрегатты алмаштыруу иштери толугу менен аяктап, №1 гидроагрегатты жана станциянын өндүрүштүк инфраструктурасын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.

Станцияны толук модернизациялоо иштерин 2026-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда. Бардык иштер бүткөндөн кийин Үч-Коргон ГЭСинин белгиленген кубаттуулугу 198 МВттан 216 МВтка чейин, башкача айтканда, 18 МВтка жогорулайт.

Станцияны реконструкциялоо иштери 2024-жылы башталган. Долбоордун алкагында №4, №3 жана №2 гидроагрегаттар толугу менен жаңыланып, алардын жалпы кубаттуулугу 27 МВтка көбөйдү. №1 гидроагрегатты жаңылоо иштери аяктагандан кийин Үч-Коргон ГЭСинин төрт гидроагрегаты тең толугу менен жаңыртылат.

Модернизациялоо станциянын ишинин ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга, эскирген жабдууларды жаңылоого жана алардын эксплуатациялык мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берет.

Маалымат үчүн: Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда, Нарын дарыясында жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген. 60 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан станцияда жүргүзүлүп жаткан азыркы реконструкция негизги жабдууларды жаңылоого багытталган биринчи ири масштабдуу модернизация болуп саналат.