Кыргызстанда зордуктоо фактыларынын саны 42,7%га өстү
Сүрөт ачык булактардан алынды
29 сентябрь

Кыргызстанда зордуктоо фактыларынын саны 42,7%га өстү

2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда зордуктоо боюнча 167 кылмыш катталган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 42,7%га көп. Өткөн жылдын январь–август айларында мындай 117 кылмыш катталган.

Жалпысынан адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна каршы кылмыштардын саны 27,1%га өсүп, 2 миң 392ден 3 миң 41 учурга жеткен.

Ден соолукка оор залал келтирүү фактылары 17,8%га көбөйүп, 152ден 179 учурга чыккан.

Ошол эле учурда адам өлтүрүү фактылары 8,4%га азайган. 2026-жылдын январь–август айларында 98 адам өлтүрүү катталса, өткөн жылдын ушул мезгилинде 107 учур болгон.

Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү менен байланышкан кылмыштардын саны 16,1%га кыскарып, 271 учурду түзгөн.