Кыргызстанда мейманканаларда жана пансионаттарда эс алуучулардын саны дээрлик 50% өстү
2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын жамааттык жайгаштыруу каражаттарында 682 миң адам жайгаштырылды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 48,5%га өскөн.
Биринчи жарым жылдыкта туристтерди кабыл алуу жана тейлөөнү 604 эс алуу жайы жана туристтик уюм камсыздаган.
Алардын ичинде 99 адистештирилген жайгаштыруу каражаты, 367 мейманкана жана ага окшош объект, 12 жаратылыш паркы жана корук, ошондой эле 126 башка туристтик объект бар.
Адистештирилген жайгаштыруу жайларынын арасында 15 санаторий, анын ичинде төрт балдар санаторийи, алты санаторий-профилакторий, 11 спорттук-ден соолукту чыңдоочу лагерь, 27 туристтик база жана эс алуу базасы, дарылоо багытындагы эки пансионат жана 38 пансионат иштеген.
