Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыктын жол картасын даярдоону талкуулашты
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын премьер-министринин биринчи орун басары — экономикалык өнүктүрүү министри Джадамбын Энхбаяр менен жолугушту.
Тараптардын жолугушуусу 2026-жылдын 29-сентябрында Улан-Батор шаарында Борбордук Азиядагы регионалдык экономикалык кызматташтык (ЦАРЭС) программасынын министрлер конференциясынын алкагында өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Монголиядагы элчиси Айбек Молдогазиев да катышты.
Тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди, анын ичинде логистиканы өнүктүрүүнү жана транспорттук байланышты жакшыртууну, жеке сектордун катышуусундагы кызматташтыкты кеңейтүүнү, ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын жол картасын даярдоо зарылдыгын талкуулашты.
Тараптар агрардык кооперацияны өнүктүрүүнүн, айыл чарба жана азык-түлүк тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн, ошондой эле туруктуу жеткирүү чынжырларын түзүүнүн маанисин өзүнчө белгилешти. Алар өз ара сооданы өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын мындан ары да издөөнүн жана бизнес өкүлдөрүн эки тараптуу экономикалык кызматташтыкка кыйла активдүү тартуунун зарылдыгын баса белгилешти.
Ошондой эле тараптар Монголиянын Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен убактылуу соода келишимине байланыштуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.
