Кыргызстанда 2026-жылы 1,25 млн тоннага жакын картошка өндүрүү пландалууда
2026-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 1 млн 249,7 миң тоннага жакын картошка өндүрүү пландалууда.
Калктын картошкага болгон жылдык эсептик керектөөсү 799,7 миң тоннаны түзөт. Демек, өндүрүштүн көлөмү ички керектөөдөн болжол менен 450 миң тоннага ашышы мүмкүн.
Мындай учурда өлкөнүн картошка менен камсыз болушу 156,3 пайызды түзөт.
2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда 486 миң тонна картошка өндүрүлдү.
Быйыл картошка айдалган аянт 66,7 миң гектарды түзүп, түшүмдүүлүк гектарына 187,6 центнер болушу күтүлүүдө.
Салыштыруу үчүн, 2025-жылы Кыргызстанда 1 млн 170,2 миң тонна, 2024-жылы 1 млн 190,2 миң тонна картошка жыйналган.
Физиологиялык керектөөнүн орточо нормасына ылайык, бир адам айына 9 кг, жылына 108 кг картошка керектейт. Калктын саны 7 млн 404 миң адам болгон учурда өлкөнүн айлык керектөөсү 66,6 миң тоннага бааланат.
